Ошто мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, иштер Уркуя Салиева көчөсүндөгү №51 үйдүн жана Авиашаарчасындагы бир катар үйлөрдүн аймагында жүргүзүлүүдө. Бул иштер шаарды көрктөндүрүү жана муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн улантылат.