Ош шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан ички мигранттарга социалдык жактан ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамын Ош шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмү, “Эдвокаси” адам укугун коргоо борбору, шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы, шаардык социалдык фонд башкармалыгы, аймактык кеңештер, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы жана жарандардын актылык каттоо кызматы түзөт. Комиссиянын жетекчиси болуп Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев дайындалды.
Аталган комиссия ички мигранттар, көп балалуу, бүлөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдүн акысыз юридикалык жардам алуусу жана мектепке чейинки, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү тууралуу маселелерди карашмакчы.