Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Алтын тамга" сынагына кайрадан тест тапшырылбайт"

"Алтын тамга" артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, учурда "Алтын тамга" сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептоо). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

Белгилей кетсек, "Алтын тамга" тестине 2 141 талапкер катышкан. Анын ичинен 80и өткөн.

Буга чейин "Алтын тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатышканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан