Жалгыз калган. Атырау облусунда полиция 9-кабаттын балконунан 2 жашар наристени куткарышты

Казакстандын Атырау облусунда полиция кызматкерлери 9-кабаттын балконунан 2 жашар наристени куткарышты. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, окуя ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында Береке кичи районунда болгон. Анда наристе буюмдарды балкондон жерге ыргытып жатканын кошуналары байкап калышкан. Алар жерине полиция кызматын чакырышкан.

Окуя болгон жерге келген Патрулдук кызматтын инспекторлору Эламан Тулешов менен Нурбол Багитов 9-кабатка өрт өчүрүүдө эвакуцияга ылайыкталган тепкич менен чыгып, наристени куткарып калышкан.

Полиция кызматы наристе батирде жалгыз калганын, апасы 1985-жылы туулган жаран экенин аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан