"Ала-Арча" жаратылыш паркына 10-июнга чейин унаалар киргизилбейт

"Ала-Арча" жаратылыш паркына 6-июндан 10-июнга чейин унаалар киргизилбейт. Бул тууралуу парктын администрациясына байланышканыбызда билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.

"Ала-Арча" жаратылыш паркы - мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак. Ал Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Аянты - 19,4 миң гектар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан