Эмне үчүн бөлмө гүлдөрү ден соолукка пайдалуу экенин билесизби?
Окумуштуулар имараттын ичинде канчалык бөлмө гүлдөрү көп болсо, ал жерде 60 пайызга зыяндуу бактериялар менен чаң аз болорун аныкташкан. Ал эми жашыл жалбырактуу гүлдөр бөлмөдөгү абаны тазалап, нымдуулуктун деңгээлин жөнгө салып турат.
Ошондой эле изилдөө көрсөткөндөй, терезеде чакан жашыл бакчанын болушу адамдын психологиялык абалына оң таасир берет, себеби ал адамга табиятты, жаратылыштын сулуулугун чагылдырып турат.