Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 5 айында катталган өрт кырсыгынын статистикасын жарыялады. Мекеменин маалыматы боюнча, республика боюнча 5 айда 823 өрт кырсыгы катталып (2021-жылы 1353), өткөн жылга салыштырмалуу өрт 39,2 пайызга азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 227 миллион сомдон ашты (2021-жылы 356 миллион сомдон ашык), өрттүн кесепетинен 16 адам каза таап (2021-жылы 24 адам), 11 адам жабыркаган (2021-жылы 31 адам).
Өрттүн негизги себептери:
- электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелерин бузуу (384 өрт, бул жалпы көрсөткүчтүн 46,7 пайызын түзөт);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (132 өрт, бул жалпы сандын 16 пайызын түзөт);
- мештерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (126 өрт, бул жалпы сандын 15,3 пайызын түзөт);
- балдардын от менен ойноосунан (28 өрт, бул жалпы сандын 3,4 пайызын түзөт).
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкка дагы бир жолу кайрылат - от менен этият болгула, таштандыларды күйгүзүү процессин көзөмөлгө алгыла, тамеки чекпегиле жана тамекинин калдыктарын ылайыксыз жерге ыргытпагыла, балдарды от менен ойнотпогула. Этиятсыздык жана шалаакылык өлүмгө алып келиши мүмкүн. Урматтуу жарандар! Мындай өрттөрдү болтурбоо үчүн өрт коопсуздук эрежелерин сактагыла", - дешет министрликтен.
1926-жылдын 15-июнунда республикабыздын борборунда биринчи өрт өчүрүү кызматы түзүлгөн. Акыркы 96 жылдан бери Өрткө каршы мамлекеттик кызматы калкыбыздын өрттөн жапа чегип калбашы үчүн бардык аракеттерди көрүп келет.