"Манас" айылы этнографиялык комплексинин долбоорун түзүүгө ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу маалымат жыйында президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Нуртазин Жетибаев билдирди.
Анын айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Тагыраагы, 1-орунга 1 жарым миллион сом, 2-орунга 1 миллион сом, 3-орунга 500 миң сом бөлүнгөн.
Буга чейин "Манас айылы" боюнча окуядан кийин манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткен.