Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенин социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда.

Анда манасчыга карата "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча долбоорго байланыштуу бийликтен кысым болуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгону айтылат.

Бул маалымат боюнча Дөөлөт Сыдыковдун өзүнө байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Бирок өздүк булактарыбыз манасчы Кыргызстандан чыгып кеткенин тастыкташты.

"Манас айылын" кайра куруу боюнча манасчы кечээ күнү Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган. Анда аталган айылды кайра куруу боюнча долбоорлорду иргеген комиссия тандагандан башка сунуш капыстан ага белгисиз жагдайларда жеңүүчү болгонун жазган. Муну ал "комплекстин жерине кызыккандардын күчкө салуусу" катары сыпаттаган. Ошондой эле "Манас айылын" татыктуу кылып кайра куруу үчүн колунан келген аракетин көргөнүн, эми ал жерде жер кемисе же татыксыз курулуш түшсө бут тоскондордун абийиринде экенин кошумчалаган.

Манасчынын билдирүүсү толугу менен:

"Өткөн жумада президенттин иш башкармалыгы өлкө башчынын катышуусу менен "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу үчүн кайдан-жайдан пайда болгон долбоорду кабыл алып, аны бекитип жана курулушун баштай турганын жарыя салынганы жалпы коомчулукка маалым болгон. Буга чейин ошол "Манас айылын" жаңылап куруу боюнча атайын концепция иштелип чыгып, ошонун негизинде эскиздик долбоорго сынак жарыялап иштегенбиз. Сынакта концепцияда жазылган "Манас" дүйнөсүн чагылдыруу боюнча койгон талаптарыбызга так жана туура жооп берген архитектор, сүрөтчү Мухтар Тагайбек уулунун автордук эмгеги жеңип чыккан. Бул сынакты 12 кишиден турган комиссия тергеп, аныктап берген. Ошол кезде президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов дагы комиссиянын мүчөсү болчу. Бирок эми комплекстин жерине кызыккандар баарын өзүлөрү каалагандай калчап, иштерди басым, күч менен кылууга өткөнү чектен чыккан өтүрүк болду.
Мына бул жарыяланып жаткан долбоор дал ошол сынактан жеңген таланттуу сүрөтчү-архитектор Муктар Тагайбек уулунун долбоору. Концепциянын маани-маңызы мыкты болсун деп кынапталып жазылган соң, Манас дүйнөсүнө тиешелүү адистердин сынынан өткөн. "Манас" - бул эпос эле эмес, "Манас" - бул касиет, дүйнө тааным, руханий азык, көөнөрбөс мурас катары даңазалайлы деген архитектуралык курулуштун тили менен чагылдырганган аракеттердин жыйынтыгын көрүп турасыздар. Бул долбоор Манаска тиешелүү музейден баштап театрга чейин кыргыз дүйнөсүн даңазалаган аянтчалары жана башка көп багыттуу, кызыктуу, дүйнөлүк талаптарга жооп берген улуттук колориттеги архитектуралык курулуш. "Манас айылын" татыктуу кылып кайра куруу үчүн колуман келген болгон аракетти көрүп келгем. Бирок мамлекет тарабынан тиешелүү чечимдер болбой келгени, иштин чеке жылатаарлык жылбаганынын себеби маселе башкада экени айдан ачык көрүнүп калды.
Буга чейин Манастын айылын кайра куруш керек деп, чуркап айтып, иш кылып жүргөндү көрбөгөн, көрсө көрмөксөн болгон, айрым кесиптештериме айтарым: ошол комплекс ичине Манас театрын куруп беребиз дешти, үстүнө үй дагы салдырып алабыз деген айрым манас аткаруучулар өз кызыкчылыгын Манастан жогору коюшуп, мага ачык эле каршы болоорун билдиргендер, өзүн манасчымын дебей эле коюшса.
Эми кандай болгон күндө дагы "Манас айылы" комплексинин жери кемисе жана Манаска татыксыз курулуш болсо, ушуга аралашып, ишти тетири кылгандардын абийиринде болсун!
Видеодон сынактан жеңген долбоордон үзүндүсүн көрүңүздөр.
Ал эми 2-сүрөт комплекстин топосъемкасы. Дал ушул топосъемка сынакка катышкан 18 катышуучуга эскиздик долбоор чийүүгө берилген.
Менин айтканымды бурмалагандар ушул топосъемканы караңыздар. Иш башкармалык бекиткен "Манас айылынын" жаңы долбоорунун ээлеген ордун карап, тактап койгула. Канча жер кемигенин көрөсүздөр", - деп жазган Сыдыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан