Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы
К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен”
фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат.
Жолугушууда облустун тургундары эл
өкүлдөрүнө аймактагы бир топ маселелерди чечүү керектигин айтышты.
Жаштар кеңешинин төрагасы “Экологиялык
постту кайра ишке киргизүү зарыл. Түшкөн акчаны көлдүн тегерегин
жашылдандырууга жумшоо керек. Шаарда бассейнге деле акча төлөп киришет го, килтейген көлгө киргенде да акча төлөнүшү керек”
деген оюн билдирди.
Белгилей кетсек, жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев,
Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева, Бактыбек
Калмаматов жана Жоомарт Сапарбаев катышууда.