"Манас айылынын" күн батыш тарабында Кыргыз улуттук "Манас" театрынын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында аталган театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулу билдирди.
"Имарат 305 орундуу жана ичинде 16 бөлмө болот. Буюрса, театрдын курулуш иштери жыл аягына чейин бүтөт деген ишеничтемин", - деди ал.
Жетекчинин айтымында, сынактын комиссия курамына манасчылар, коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр, Манас таануучулар, этнографтар жана тарыхчылар кирген.
Сынак 6-июндан 5-июлга чейин жүрөт.