Өткөн жумада Кыргыз жергесинде 19 миңге чукул жол эрежесин бузуу катталды

Акыркы жумада өлкөдө 18 миң 706 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

  • ылдамдык чегинен ашкан - 3303;
  • тиешелүү документтери жок - 192;
  • Транспорт каражаттарынын (ТК) эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6479;
  • авто ээн баштык – 6;
  • жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузуу – 1149;
  • ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 46;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 6371;
  • айнектери караңгылатылган унааны башкаруу - 17;
  • мас абалында унаа башкарган – 262.

Маалым болгондой, унаа токтотуучу жайга 1000 унаа токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан