Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды. Бул тууралуу Муфтиятка байланышканыбызда билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимге муфтий Замир Ракиев кол койгон.
Өмүр баяны:
Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.
- 2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
- 2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.
- 2009-2016-жылдары Ош ТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн.
- 2013–жылы шаар казысынын жардамчысы, 2014–жылы «Роббаний»мечитинин имам хатиби.
- 2016-жылы Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Умму Мухаммад” медресесинин мүдүрү.
- 2016-2019-жылга чейин Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби.
- 2022-жылдын февраль айынан бери Ош шаарындагы "Али аль-Байт" мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.