Өлкөдө Жалпы республикалык тесттин акыркы туруна каттоо 15-июндан 23-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Ага ылайык, тест 24 жана 25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Каттоо жүргүзүү даректери:
Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында:
Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).
Кечиккен тестти 2022-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тапшыра алат.
"Эгерде абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана инсанды күбөлөндүргөн документин алып келүүсү милдетүү түрдө керек", - жеп жазылат маалыматта.
Каттоого керектүү болгон документтер:
Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган квитанция. Тестке катышуу үчүн каттоо акысы ар бир тест үчүн 370 сомду түзөт. Паспорт же аскердик күбөлүк), 3х4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт.
Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!
Абитуриенттин предметтик (бир же бир нече) тестти тандашы тапшыра турган адистигине жараша болот. Предметтик тесттер химия, биология, англис тили, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты предметтерин камтыйт. Абитуриенттердин өз тандоосу менен тестти кыргыз же орус тилинде тапшырууга болот.
Бул абитуриенттерге сертификаттар Бишкек шаарындагы ББОУБ кеӊсесинен жана Ош шаарындагы шаардык билим берүү борборунан 4-июлунан кийин берилет.
Маалымат үчүн: Өлкөдө Жалпы республикалык тест 24-майдан 28-майга чейин өткөрүлдү.