Муфтияттын басма сөз кызматынан быйыл Курман айт майрамынын болжолдуу датасын айтты. Маалыматка ылайык, Курман айт 9-июлда же 10-июлда белгиленет.
Мекемеден Айт майрамынын так күнү бир апта калганда айтыларын кошумчалашты.
Муфтияттын билдиришинче, курмандыкка бодо малдар, тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашышы зарыл. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу абзел.