Парламенттеги “Республика” фракциясы “КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш-пикирлер менен колдоду. Мындай чечим фракциянын 29-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында депутаттар насыяларды бюджетти колдоо үчүн эмес, экономиканы көтөрүү максатына алуу керектигин айтышты. Каржы министринин орун басары Таалай Таткулов бюджеттин долбоору дагы өзгөрө турганын айтты. “Кумтөр” маселесинин чечилиши менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө өзгөртүүлөр болот”,- деди ал.