Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жайкы туристтик мезгилде эс алуу жайларындагы коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, дем алыш күндөрү коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Орловка эс алуу борборунун кызматкерлери жана эс алуучулар менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Милиция кызматкерлери бул эс алуу жайынын кызматкерлерин техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, эс алуучулардын коопсузду үчүн керектүү иштерди алып баруу зарылдыгын белгилешти.