Тойго барган. Бишкекте кош бойлуу келин этке ууланды

Бишкекте кош бойлуу келин этке ууланды. Бул туурасында Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын бөлүм башчысы Нургүл Молдалиева радио эфирде айтты.

Маалыматка ылайык, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага кош бойлуу келин курч диарея (ичи өтүп) менен кайрылган. Ал тойго барып устукан жеп ууланган.

"Абанын температурасы жогору болгондо тамак-аш тез эле бузулуп кетет, мындан улам күндүн ысыгында өзгөчө кылдат болуу керек", - дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен келин тиешелүү жардам алганын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан