Өлкөдө 4-июнь Кыргыз Республикасынын сот экспертинин кесиптик күнү катары белгиленет

Өлкөдө 4-июнь Кыргыз Республикасынын сот экспертинин кесиптик күнү деп белгиленди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргыз Республикасында соттук эксперттин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, соттук экспертиза укуктук мамлекетте абдан маанилүү ролду ойнойт жана сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн маанилүү элементтеринин бири соттук экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат.

Маалым болгондой, быйыл Кыргыз мамлекетинин соттук эксперт кесибине 59 жыл толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан