15 жаштагы өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаран 5 жылга эркинен ажыратылды

15 жаштагы өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаран 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Москва райондук сотунун чечими менен С.Камалов "адепсиз жоруктар" беренеси менен 5 жылга эркинен ажыратылды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөөтү абагында өтөөсү белгиленди", - дешти мекемеден.

Мындан тышкары С.К.га 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын Чүй облустук сотунан билдиришти.

Эске салсак, Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (адепсиз жоруктар) менен каттоого алынганын, шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылганын кабарлаган. 31-майда С.К. 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан