Күндүн сүрөтү: Интернетте Бишкекте жаңы сырдалган жөө адамдар өтүүчү тилкенин сүрөтү талкуу жаратты

Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сырдалган жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн сүрөтү талкуу жаратты.

Фейсбук баракчасында тараган сүрөттүн алдына интернет колдонуучулары түрдүү пикирлерин калтырышууда. Анда кээ бирлери калаа башчысынын ишине сын айтса, кай бири жолдо оңдоо иштери жүргөнүн көрүп туруп өтүп кеткенин айдоочуга таң кылышты.

"Боёлуп, анысы аз келгенсип, белгиси да коюлуп турган жерден айдап кеткен айдоочу аман эле болсун";

"Эптеп эле жазаптыр да";

"Байкуш Бишкегибиз оңдуу мэрге туш болбой койду го" деген сыяктуу пикирлерди жазышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан