Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги дагы бир мыйзам бузуу фактысын аныктады

Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине жүргүзүлгөн текшерүүдө министрликтин кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузган. Алар 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында кызмат абалдарын пайдаланышып, иммуносупрессивдүү дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, сынактын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектердин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатып алынган дары-дармектердин санын азайтышкан.

Андан соң 2021-жылдын ноябрында алар «Ю.Х.» ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 миллион сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүшкөн. Натыйжада 4 миллион 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "билип туруп пайдасыз контракт түзүү" менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан