Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Армениянын борбору Ереванда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышты.

Иш-чарада Талант Мамытов Кыргызстан ЖККУнун потенциалын чыңдоого, өз ара ишенимге негизделген толук кандуу аскердик-саясий структураны түзүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Биз аскердик-экономикалык жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Анткени баарыбыз коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу менен гана чектелбестен, алардын келип чыгуу себептерин жоюуга басым жасашыбыз зарыл", – деди ал.

Ошондой эле ал уюмдун кризистерге жооп берүү системасы олуттуу мааниге ээ экенин, жаралган коркунучтарга өз убагында чара көрүү үчүн дыкат көңүл бурууну талап кылган кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев жана Алишер Эрбаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан