Өзбекстанда "Велотрек" аттракционуна өспүрүм кыпчылып калган видео социалдык тармактарда тарады. Анда өспүрүм бала аттракционду силкинтүүгө жардам берип жаткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда, окуя 3-июнда Наманган шаарындагы Бабур маданият жана эс алуу сейил багындагы "Велотрек" аттракционун эксплуатациялоо маалында болгон.
Маалыматта буга чейин ишкерге аттракционду эксплуатациялоодо тейлөө эрежелерин жана коопсуздук талаптарын сактоого милдеттүү болгон тейлөөчү персоналды, атап айтканда операторду окутуу сунушталган. Ишкер кадрларды даярдоого милдеттендирилген.
Бирок тейлөөчү персонал коопсуздук эрежелерин сактоо менен иштөөгө даяр эмес болгон. Ал эми аттракциондо иштеген өспүрүм бала олуттуу жаракат алган эмес.