Орусия ЖККУнун аскерлери Украинага кириши мүмкүн экенин жарыялады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрү Луганск, Донецк аймактарынын жана Украинанын бошотулган аймактарына жөнөтүлүшү керек экенин жокко чыгарбайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Картаполов азыр Орусиянын ЖККУнун аскерлерине муктаждыгы жок экенин баса белгилеп, жаңжалдан кийинки этапта ар кандай жолдор болушу мүмкүн экенин белгилеген.

"Атайын аскердик операция уланмайынча, ал жерде тынчтык орнотуучу күчтөр болбойт. Бирок жаңжалдан кийинки жөнгө салуу стадиясында ар кандай варианттар болушу мүмкүн, ЖККУнун бейпилдик күчтөрү талап кылынышы ыктымал", - деген Картаполов.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Орусия, Беларусь, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан