Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 29-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын берген А.Келдибековдун тарапташтарына эскертүү берди. Алар А.Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талаптары аткарылбаса, өлкөдө бийлик алмашып, үчүнчү революция болуп кетиши мүмкүн деген маанидеги сөздөрдү айтышканы үчүн эскертүү алды. Алар И.Аттокуров, А.Кутбидинов, А.Чомоева.
УКМК мындай маңыздагы коомдук билдирүүлөр өлкөдө коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн экенин билдирет.
.