Кыргызстандык нейрохирург Миталип Мамытов мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты болду.
Аталган сыйлык жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү эң олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылат. Сыйлык катары 2 миллион рубль каралган.
2022-жылы бул сыйлыкка 8 өлкөдөн 12 талапкер ат салышкан.
Сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын декабрь айында Ташкентте өтөт.