
Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы
Замир Молдошев 69 жашында каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, генерал-майор аскердик жолун 1971-жылы баштап, взводдун командиринен чек ара бөлүмүнүн төрагасына чейин командалык кызматтарды басып өткөн.
Андан сырткары ал тажик-ооган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуу батальонунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында жеке эрдиги жана чебер жетекчилиги үчүн Замир Молдошев "Эрдик" медалы менен сыйланган.