Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдолимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн XXIV Сурдолимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло алып, жалпысынан 6 медаль жеңип келишкен.
Мамлекет башчысы спортчуларды мелдештерге ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.
"Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, “өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом” деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип, көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик. Мындай машакаттуу жолду басып өтүп, Бразилияда болуп өткөн маанилүү мелдешке катышып, жан дили менен берилген машыгуулардын негизинде кызыл туубузду эл аралык майданда дагы бир жолу желбиреткен Кыргызстандын Сурдолимпиада боюнча курама командасынын спортчуларына, аларды коштоп-колдоп, күн-түн дебей таптап барган машыктыруучуларга, спортчулардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем", - деген Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы мамлекеттик бюджеттен XXIV Сурдолимпидага даярдануу максатында окуу-машыгууларына 1 миллион 500 миң сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 миллион сом каралганын эске салды.
Жолугушууда Садыр Жапаров XXIV жайкы Сурдолимпиада оюндарында ийгиликтерге жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын Сурдолимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды, акчалай сертификаттарды жана эстеликке белектерди тапшырды.