Буга чейин Ош облусунда эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн таштаган. Аталган окуя боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздар эмне себептен боюн таштаганы аныкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгиледи.
Жыйында депутат Таалайбек Масабиров өспүрүмдөр арасындагы суициддер боюнча иликтөө жүргүзүлүп, себептери аныкталабы деген суроо берди.
Нуржан Адылова белгилегендей, бүгүнкү күндө 20дан ашык суицид фактылары катталса, анын көбү бала менен ата-эненин пикир келишпестигенен улам келип чыккан.
"Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарына болгон жоопкерчилиги өтө төмөн. Балдарыбыз мектепке кеткенде, келгенде жана кийимине эле карайбыз. Ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын сурап, сүйлөшпөйбүз.
Ал эми Ошто катталган эки факты боюнча айтсам, бир жолкусунда эркек бала, кийинкиде эки кыз секирген. Бул фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, бала сүйгөн кызына жетпей калып секиргени аныкталды. Ал эми эки кыз ошол баланы жакшы көрүп жүрүшүп "биз деле анын артынан секирип кетебиз" дешкен", - дейт.
Суицид катталган учурларда ата-энелер арыз жазуудан баш тартып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 17-мартта эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн таштаганын Ош ШИИБинен кабарлашкан. Анын бири каза болуп, экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү, абалы оор экени маалымдалган. Алгач бейтаптын башына операция жасалса, кийинчерээк колуна операция жасалган.