Бишкек шаарындагы №56 мектептин окуучусу өзү окуган мектептеги кыздардын бирин дааратканадан, экинчисин бактан сабаган. Эки учур боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, кыздардын урушунун себеби такталды.
Ага ылайык, биринчи учурда кыздар курбу болуп жүрүшүп урушуп кетишкен. Ал эми экинчи учурда бир баланы талашып урушканы такталган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова билдирди.
Эске салсак, апрель айында борбордогу №56 мектептин дааратканасында окуучу кыз сабалган. Аны ур-токмокко алган кыз ага чейин 4-класстын окуучусун сабаган. Эки окуя боюнча сабаган кыздын апасына биринчисинде 1000 сом, экинчисинде 3000 сом айып пул салынган.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.