
Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеде ойноп жаткан 3 жана 5 жаштагы 2 кичинекей кыз куткарылды. Бул туурасында ӨКМдан маалымат таратышты.
Маалым болгондой, 2 кичинекей кыз көзөмөлсүз кооптуу абалда турганы боюнча ӨКМнын 112 кызматына билдирүү түшкөн.
Жерине шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн.
Куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен түшүп, 2 кызды куткарып калышты. Алар ИИМ кызматына өткөрүп берилген.
Белгилей кетсек, кичинекей кыздар ата-энесинин көзөмөлүсүз калган.