Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында эки өлкөнү байланыштырган тоннель аныкталган.
"Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, кире бериштен чыгуусуна 155 метрге жакын экени аныкталган.
Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.