Бүгүн, 7-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 841 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 620 метр куб, агып чыгышы 320 метр кубду түзүүдө.
Былтыр ушул күнү суу сактагычта 10 миллиард 500 метр куб суу болгон.