Өзбекстанда 10-июндан тарта өлкөгө келген жарандар үчүн коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Басылмалар белгилегендей, мындай чечим Өзбекстандагы эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу кабыл алынган.
"Республикалык атайын комиссиянын чечимине ылайык, 10-июндан тарта өлкөгө кирүүчү жарандардан ПЦР тест, коронавирустун антигендерине экспресс-тест же эмдөө сертификатты талап кылган эрежелер жокко чыгарылат", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Буга чейин Казакстан 8-июндан тарта ПЦР тест жана эмдөө паспортун талап кылууну жокко чыгарары жазылган.