500дөй балбан катышууда. Жалал-Абадда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

Бүгүн, 7-июнда Жалал-Абад шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, мелдеште өлкө аймагынан жана Өзбекстандан келген, жалпысынан 500дөй балбан күч сынашууда.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү, облустук грек-рим күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана жаш спортчулар катышты.

Спорттук иш-чара эртең жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан