Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара эртең, 8-июнда орун алат.
Мамлекет башчы буга чейин ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдирген.