Бишкектин Биринчи Май районундагы батуттарга тыюу салынат. Себеби

Бишкектин Биринчи Май районунда 20-июндан баштап батуттарга тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июндан тарта сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда жана башка ушул сыктуу жерлерде батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирет.

"Жылуу күндөрдүн башталышы менен сейил бактарда жана сейилдөө аймактарында балдар ойноочу батуттар пайда боло баштады. Бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат.

Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан