Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын депутаттары менен жолугушту. Талкууланган маселелер

Бүгүн, 7-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаттары Шамиль Айрим (Стамбул), Мехмет Эрдоган (Газиантеп) жана Явуз Субаши (Балыкесир) менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды.

Натыйжада Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле тараптар Түркияда Кыргызстанды таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан