"Манас айылын" реконструкциялоо долбооруна жарыяланган сынакта калыстар тобунун курамы аталды

Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбооруна жарыяланган ачык архитектуралык сынак тууралуу билдирүү таратты.

Белгилүү болгондой, буга чейин өлкө башчы “Манас айылындагы” этнографиялык комплексти реконструкциялоо боюнча концептуалдык долбоор менен таанышкан.

"Манас айылы" этнографиялык комплексин жандандыруу жөнүндө президенттин администрациясына көптөгөн кайрылуулар түшкөнү, мамлекет башчысы комплексти анын аталышына шайкеш келгидей кылып реконструкциялоо тапшырмасын койгондугу белгиленет.

"Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн маанисин, бул долбоордун масштабдуулугун эске алуу менен комплекс элдин этносун, анын көп кылымдык тарыхын, кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын, келечек муундар үчүн тарыхты сактоонун символу болот деп болжолдонууда.

"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоого коомчулуктун кызыгуусу жогору болгондуктан, "Манас айылы" комплексинин концепциясын иштеп чыгуу үчүн ачык архитектуралык сынак уюштуруу чечими кабыл алынды", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

6-июнда жарыяланган сынак шаар куруу жана комплекстин аймагын архитектуралык өнүктүрүү боюнча жаңы идеяларды жана концептуалдык чечимдерди табуу максатында уюштурулган. Концепция «Манас» эпосунун маданий жана тарыхый баалуулугун камтып, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтүп, ошол эле учурда Бишкек шаарынын жана бүткүл Кыргызстандын маданий мурасына айланышы керек.

Билдирүүлөр ушул жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 3 миллион сомдун тегерегинде. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.

Калыстар тобунун курамына Маданият министрлигинин, президенттин иш башкармасынын, Архитекторлор союзунун, Сүрөтчүлөр союзунун, скульпторлор, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан