Кечээ, 7-июнда өткөн брифингде Бразилиянын Америка саммитине катышуусу тууралуу суроого Ак Үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер күтүлбөгөн жерден Венесуэланы атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару АКШ жетектеген Америка саммитине катышуу тууралуу айткан билдирүүсү боюнча берилген суроого басма сөз кызматкери Венесуэланын президенти жөнүндө сөз кылган.
"АКШ Хуан Гуайдону Венесуэланын убактылуу президенти катары таанууну улантууда", - деген Жан-Пьер брифингде.
Брифингде Венесуэла тууралуу эч кандай сөз болгон эмес.