Ошто каналга түшүп кеткен 17 жаштагы кыз куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыздын абалы туруктуу экенин кабарлайт.
Маалым болгондой, 7-июнда Исанов көчөсүндөгү каналга 17 жаштагы У. кызы А. түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар кызды суудан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.