Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында “Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө” мыйзам долбоору каралат

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 29-ноябрда парламенттин 4-5-декабрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизүү жөнүндө”, “КРнын мал чарбасындагы асылдандыруу иштери жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралат.

Ал эми 5-декабрдагы жыйында “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө”, “КРнын Административдик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө”, “КРнын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору талкууланмакчы.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан