Баткен шаарында 61 жаштагы аял каналга түшүп кетти. Ал жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 7-июнда шаардагы Батырканов каналына аял түшүп кеткен. Жерине 11 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар аялды суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүшкөн.
Каналга түшүп кеткен аял 61 жаштагы Т.Т. экени такталды. Абалы жакшы деп кошумчалашты министрликтен.