Зээндүү балдардын башын бириктирген "Кыргызстандын жаш лидерлери" долбоору өтүүдө

Белгилүү коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын “Кыргызстандын жаш лидерлери” долбоору 5-июнь күнү башталган.

Аталган долбоор өлкөнүн бардык аймактарынан 15-17 жаштагы активисттердин башын бириктирди. Балдардын көбү окуудагы жана коомдук турмуштагы жетишкендиктери менен теңтуштарынан айырмаланган көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн.

Долбоор беш күн бою балдарга мотивация берип, жолугушууларды уюштурат. Андан сырткары чыгармачылык потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда долбоордун катышуучулары Талас шаарына келишти. Жаш лидерлер Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугуп, “Манас-Ордо” комплексине, Чыңгыз Айтматовдун музейине, Шекер айылына, “Жер-Үй” алтын кенине барышат.

Белгилей кетсек, долбоор бир жыл мурун демилгеленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан