1-сентябрга чейин. Өлкөдө оор жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди

Өлкөдө оор жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашат.

Маалыматка ылайык, коомдук жолдордо оор жүк ташуучу унаалардын каттамына тыюу салынат. Мындай чектөө 1-сентябрга чейин күчүндө болот.

банын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Бул жалпы пайдалануудагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылып, пайдалануу мөөнөтүн узартат.

Жер-суу транспорту башкармалыгына Кыргызстандын аймагында жүк ташуу менен алектенген адамдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү жол белгилерин орнотуу тапшырмасы берилди", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан