Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери тарабынан сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун абалы орточо оор. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов айтты.
"Бүгүнкү күндө абалы орто оор абалда болуп жатат. Ага операция жасалды. Биз жактан бардык керек болгон жардамдар көрсөтүлүүдө", - деди Урматбек Шамырканов.
Ошондой эле Шамырканов учурда териштирүү иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатканын билдирди. Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан.