Беловодское айылында сабалган жоокерге аскердик билет берилеби? Командир жооп берет

Беловодское айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери тарабынан сабалган жоокер Бекзат Эсенбековго аскердик күбөлүк берүү чечимин комиссия чыгарат. Бул тууралуу аталган аскердик бөлүктүн командири Кумар Ахматов билдирди.

"Сабалган жоокерге аскердик күбөлүктү берүү боюнча маселени атайын комиссия чыгарат. Ал 8 айга чейин кызмат өтөгөн. Эми сакайып чыгып, катарыбызга кошулат деп тилек кылалы", - деди аскер бөлүктүн командири.

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Жоокердин абалы бүгүнкү күнгө карата орточо оор деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан