Депутаттар Укук бузуулар жөнүндөгү кодексти өзгөртүүнү сунушташты. Тагыраагы, педагогикалык кызматкерлерди сыйлабастык, адепсиз жүрүм-турум, кордоо сыяктуу аракеттерди жасаган окуучуларды же алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) – педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү жана башка) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат. Укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат. Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо окуучунун өзүнө, тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулат.