2013-жылы 10 ай ичинде Билим берүү министрлигинде коррупциялык
мүнөздөгү 14 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы маалымат
жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын
жетекчиси Бактыбек Ашыров билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын январь-октябрь айында
жалпысынан 238 коррупциялык факты аныкталып, андан түшкөн зыян 214 миллион
сомдон ашуун сумманы түзгөн.
Соттук органдарга 66 кылмыш иши жөнөтүлгөн.
Анын ичинде Билим берүү министрлигинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча 14 кылмыш
иши козголгон.
Коррупциялык
көрүнүштөр боюнча көп кылмыш иши козголгон мекемелердин катарына Мамлекеттик
каттоо кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги да кирет. Буларда 12ден кылмыш
иши козголгон.